Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Келген гуманитардык жардамдардын метрине, килограммына чейин эл билиши керек

Бөлүшүү:

«Келген гуманитардык жардамдардын метрине, килограммына чейин эл билиши керек, бул боюнча иштер жүрүп атат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

«Эл көп айтып жаткан маселелердин бири сырттан келген каржылык жана гуманитардык жардамдарды пайдалануунун ачык-айкындыгы, бул маселе боюнча элге толук маалымат жеткизүү болуп саналат. Бул тууралуу мен облус жетекчилери, тиешелүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшкөндө айтып жатам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент айрым маселелер чыгып калып жатканын, маселен, кечээ жакында эле Дүйнөлүк банк Кыргызстанга гранттын негизинде «тез жардам» унааларын бергендигин, аларды кымбат алып келген деген маселелер айтылганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык штаб күнү-түнү иштеп жатканын, ал Премьер-министр Кубат Боронов жана башка жооптуу чиновниктер менен дайыма байланышта экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Өкмөт оңой эмес кезде иштеп жаткандыктан, ага жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

«Сынды, коомдогу болуп жаткан нааразычылыктарды мен да күнүгө айтып турам. Премьер-министрден баштап, бардык тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин өздөрүндө да толук маалымат бар. Эмне үчүн дегенде азыр биздеги болгон кемчиликтердин бардыгы тең эле социалдык түйүндөрдө ачык айтылып, ачык жазылып атат. Кайрылып жатышат», — дейт ал.

Президент азыркы күндө негизги маселелердин бири, биринчиден, жалпы элди дары-дармек менен камсыздоо экенин баса белгиледи. Экинчиси, аймактарда илдет жугузуп алгандардын саны өсүп жатканы байкалууда. Жер-жерлерде коронавирустан улам койко-орундарды даярдоо көйгөйлөрү да бар. Ал бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатканына ишендирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кышка, жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери дагы иштелип жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, айылдардагы, райондордогу элди илдеттен коргоп калуу, алдын алуу чараларын көрүү боюнча маселелер бар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ооруп калгандарга мамлекет тарабынан жетишерлик жардам көрсөтүү жана дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлүп жатканына ишендирип өттү.

Мамлекет башчысы кандай гана кыйынчылыктар болбосун, калган тармактарды да унутпоо керектигин өзгөчө белгиледи. Алардын ичинде экономикага абдан көңүл буруу зарыл.

«Буга чейин башталган долбоорлор токтобойт, бул багыттагы бардык иштер ишке ашат жана көзөмөлдө турат. Жолдорду оңдоо, куруу, экспортко чыгып жаткан ишканаларды колдоо, жумушчу орундарды түзүү, ирригация, таза суу, санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү маселелери, өлкөнүн дары чыгаруучу, медициналык каражаттарды чыгаруучу, фармацевтикалык компанияларды колдоо маселелери. Иш көп, баары тең көзөмөлдө. Алар боюнча унуткан жокпуз, иш алып барып жатабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков мекендештерди медициналык талаптарды сактоого дагы бир ирет чакырды.

«Азыркы тапта тартип, биримдик өтө зарыл. Ошондо гана биз бул илдетти жеңебиз. Медиктер талап кылган жөнөкөй эрежелерди бузбасак, аларды сактасак, вирустун тез жайылуусу да кескин түрдө азаят. Ар бирибиз өзүбүз үчүн жооптуу болушубуз керек. Мамлекет тарабынан бардыгы аткарылат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: