31-июлда Курман айт күнү өлкөнүн аянттарында жана мечиттеринде айт намазы окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.
Жума намазы да окулбай турганы белгилүү болду. Муфтиятта айтылгандай, бул коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу. Мусулмандар дин башкармалыгы кыргызстандыктарды үйүндө үй-бүлөсү менен Курман айт майрамын белгилөөгө чакырды.
“Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйдөн курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ