Menu

Жолдошу классташтары менен ичимдик ичип отурган аялын интернет-клубка алып барып, сабап салган

Бөлүшүү:

Сузак районунун тургуну үй-бүлөлүк зомбулук үчүн коомдук иштерге тартылды. Бул чечим райондук сот тарабынан кабыл алынган.

Соттолуучу 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну, жогорку билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, Жалал-Абад шаарында жашайт. Ага 75-берене “Үй-бүлөдөгү зомбулук” боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 24-февралында, таңкы саат 8 чамасында соттолуучу аялын Сузак айылынын борборундагы компьютердик клубдардын бирине алып барган. Ал жерден сөгүнүп, аялын уруп-тепкилеген.

Сот отурумунда айыпталуучу өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, 23-февралда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул атындагы сейил бакта аялы белгисиз балдар менен басып баратканын көргөн. Саат 04:30 чамасында жубайы жалгыз Спутник кичи районундагы “Омас” кафесине барган. Жолдошу анын артынан келе жатып, аялынын белгисиз жигит менен ичимдик ичип жаткандыгын көргөн. Аялын кафеден чыгарып, саат 07:00 чамасында аны интернет-клубга алып келди. Экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болуп, ал аны уруп жиберген.

Соттолуучунун айтымында, окуядан кийин аялы менен жарашкан жана аны Россияга жөнөткөн. Ал эми сот отурумуна жабырлануучу келген жок.

Тергөөнүн жүрүшүндө жубайы 2017-жылы декабрда үй-бүлө куруп, 2020-жылы январда ажырашууну чечкенин айткан. Ошол күнү, 24-февралда, “Омас” кафесинде классташы менен жолугуп, ичимдик ичүүнү чечишкен. Баарын чогуу көргөн жолдошу ачууланып, компьютердик клубга сүйрөп жөнөдү. Ал жерден аны тепкилеп, мурдунан кан аккан. Кийин жубайынын айтымында, күйөөсү аны ооруканага алып барып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Сузак райондук соту соттолуучуну күнөөлүү деп таап, жаза ирээтинде коомдук иштерге 40 саатка тарткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: