Өлкө боюнча 28-31-июль күндөрү катуу жааган жаандан улам сел жүрүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши, абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ