Menu

Өзбекстанда Straus House компаниясынын башчысы 9 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Ташкент шаарынын Мирабад райондук соту Афиркадан төө куш ташыган Straus House компаниясынын негиздөөчүсү Ибрагим Исраиловду 9 жылга эркинен ажыратты.

Компаниянын директору Абдулла Махмуталиев 7 жылга, директордун орун басары Дилшод Кутпиддинов 8 жыл 5 айга, башкы эсепчи Одилжон Саидов 5 жылга соттолду.

Мындан тышкары соттолуучулар мамлекетке 222,3 миллион сум (21 миң доллар) жана компаниянын ишмердүүлүгүнөн зыян тарткандарга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Быйыл 27-февралдагы сот жараяны учурунда Ибрагим Исраилов журналисттерге интервью берип, тергөөчүлөр андан бир миллион доллар пара талап кылганын айткан. Тергөө тобу бул билдирүүнү жалган жалаа катары сыпаттап, ишкер бул сөзү үчүн мыйзам алдында жооп берерин эскерткен.

2019-жылдын январь-апрель айларында Straus House компаниясынын өкүлдөрү Түштүк Афиркадан үч айлык төө куштарды алып келүү боюнча келишимдерди түзгөн. Ташкент, Анжиян, Фергана, Наманган, Бухара жана Кашкадарыя облустарынын жеке жана юридикалык жактары компаниянын кардарлары болгон. Компаниянын жооптуу кызматкерлери ишенимге кирип, 300дөн ашуун кишини ири өлчөмдөгү акчага алдап кетишкен. Айыптоо актындагы маалыматка караганда, материалдык зыяндын көлөмү 7,9 миллиард сумду (832 миң доллар) түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: