Menu

АКШ чалгыны: Орусия коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратууда

Бөлүшүү:

COVID-19 жөнүндөгү Орусиянын жалган маалыматы тууралуу ЕБдин плакаты

Орусиянын чалгын кызматкерлери коронавирус пандемиясына байланышкан жалган маалыматтарды таратуу үчүн бир нече англис тилдүү сайттарды колдонуп келишет. Бул тууралуу The New York Times жана Associated Press басылмалары АКШнын Чалгын кызматына шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусиянын аскердик чалгын кызматы (Башкы штабдын ГРУ катары белгилүү башкы башкармалыгы) бул максатта кеминде үч сайтты колдонгон. InfoRos.ru, Infobrics.org жана OneWorld.press сайттарына конспирологиялык теорияларды пропагандалаган 150дөн ашык макала жарыяланган. Алардын арасында коронавирус биологиялык курал катары Американын аскердик лабораториясында жасалгандыгы тууралуу Кытайга шилтеме берген билдирүүлөр да бар. Ошондой эле сайттарда АКШга жеткирилген орусиялык медициналык жабдыктар «эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын жакшырышына өбөлгө түзөт» деген сыяктуу да макалалар жайгашкан.

Америкалык басылмалар шилтеме кылган документке ылайык, аталган сайттарга макалалар Орусиянын Аскердик чалгын кызматына байланышы бар Денис Тюрин менен Александр Старунскийдин көзөмөлү алдында жарыяланып турганы жазылган.

Материалда InfoRos.ru сайты орус өкмөтүнө (жеке адамга катталган, ээси катары InfoRos.ru маалымат агенттиги көрсөтүлгөн) таандык экени, берки эки сайт формалдуу түрдө көз карандысыз маалымат порталы экени көрсөтүлгөн.

InfoRos.ru сайты Орусиянын чалгын кызматтарына байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды «жалган» деп атап, сайтка көп түрдүү «пикирлер» жарыяланганын билдирди.

Орусия менен Кытайдын пандемияга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуу өнөктүгү тууралуу буга чейин Европа биримдигинин ыйгарым укуктуу түзүмдөрү да билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: