Бүгүн, 13-сентябрда саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында “Тойота-Эстима” үлгүсүндөгү мамлекеттик № ОS749 микроавтобус менен “ХОВО” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В9535 АI оор жүк ташуучу автоунаа кагылышкан. Бул тууралу КР ӨКМинин басма сөз кызматы билдирет.
“Тойота-Эстима” автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адам, 2 жаш бала жеринде мерт кеткен.
Окуя болгон жеринде каза болгон 5 жарандын экөөсүнүн өздүгү такталды :
1. Ош облусуна караштуу Алай районунун Күңгөй айылынын тургуну, 2000-жылы туулган Атабек кызы Айгерим жүргүнчү;
2. Өздүгү тактала элек 3 айлык наристе бала жүргүнчү;
3. Өздүгү тактала элек 25-30 жаштардагы аял киши жүргүнчү;
4. Өздүгү тактала элек 6-7 жаштагы бала жүргүнчү.
5. Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн аймактык тескөөчүсү милиция капитаны, Кыпчакбаев Эркин Эсенович жүргүнчү.
Жаракат алып Кара–Көл шаардык ооруканасына жеткирилген 7 жаран:
1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Кошоев Каныбек Тыныбекович “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу;
2. Ош облусунун Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айылынын Маткеримов көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну, 1990-жылы туулган Бахриева Жайнагүл Махмуджановна айдоочунун аялы;
3. 2013-жылы туулган, Тыныбеков Алинур Каныбекович айдоочунун баласы;
4. 2015-жылы туулган, Тыныбекова Назерке Каныбековна айдоочунун кызы;
5. Ош шаарынын Фурхат көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну, 2006-жылы туулган Эсенов Алихан Эркинбекович жүргүнчү;
6. Ош шаарынын Фурхат көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну, 2013-жылы туулган Эсенов Абдысамат Эркинбекович жүргүнчү;
7. Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Совхоз айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Касымов Семетей Ормонбекович жүргүнчү.
Шаардык ооруканын кызматкерлери жаракат алган жарандарды кабыл алып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
ХОВО оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун Чубак тургуну 1985-жылы туулган Нусупов Мирлан Джуматаевич жарат алган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ