Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда күндүз эки жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июль күнү саат 16:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 160-чакырымында, “Toyota Harrier” унаасынын айдоочусу, Бишкек шаарынын тургуну, 1967-жылы туулган М.С. рулду башкара албай, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынан эки жүргүнчү жабыркап, аларды тез жардам унаасы менен алып кетишкен.
Айдоочу жабыркаган жок. Кырсык фактысы боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат.
Мындан тышкары, саат 15:30 чамасында Кызыл-Суу жана Саруу айылдарынын ортосундагы жолдун кесилишинде “Lexus LX570” жана “VAZ 2109” унаалары сүзүшкөн. Бул кырсыктан бир жүргүнчү жабыркаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ