Кыргызстанда 2018-жылдын 11 ай ичинде мигранттардын балдары 425 кылмыш жасаган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өткөн тегерек столдо ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башкы инспектору Рашид Карабаев билдиирди.
Анын айтымында, 11 ай ичинде жашы жете электер тарабынан 1 миң 291 кылмыш жасалган. Алардын 611 – мигранттардын балдарына таандык болгон.
«Мигранттардын балдары негизинен талап-тоноого жана уурулукка аралашкан» – дейт Рашид Карабаев.
ИИМ 11 ай ичинде жүргүзгөн рйдинин натыйжасында ата-энесинин кароосуз жашаган 63 миң 767 баланы аныктаган. Алардын 38 миңден көп чоңдору чет мамлекетке иштөөгө кеткен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ