Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Акыркы сутка ичинде эле 123 медкызматкер бул илдетти жуктуруп алган.
Бишкек шаарынан – 40;
Ош шаарынан – 14;
Чүй облусунан – 26;
Ош облусунан – 20;
Жалал-Абаддан – 4;
Ысык-Көл облусу – 1;
Талас облусу – 2;
Баткен облусу – 16.
Сутка ичинде тогуз медкызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылган.
Жалпысынан 2199 медициналык кызматкерге COVID-19 диагнозу коюлган, 592 адам ооруканалардан чыгарылган.
Белгилей кетсек, 17-июлдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жана пневмония боюнча биргелешкен статистикалык маалыматтарды берет.
U07.1 коду – лаборатория тарабынан тастыкталган оору, башкача айтканда, коронавирус болмокчу. Ал эми U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония деп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ