Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарында жашаган, 1999-жылдын 6-августунда туулган Өмүрбекова Айтурган изделип жатат.
ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 5-июль күнү болжол менен 20:00 чамасында үйдөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.
А.О. Омурбекова кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билсеңиздер милицияга төмөнкү номурларга билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266261.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ