Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду. Чечим бүгүн, 30-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке депутат болгон маркум Чыныбай Турсунбековдун ордуна Сталбек Молдалиев мандат алды.
Сталбек Молдалиев жеке ишкер. Ал текстиль өндүргөн ЖЧКга ээлик кылган.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ