Эртең 31-июль – Курман айт майрамы. Бул күнү окулуучу айт намазы азыркы кырдаалдан улам Жалал-Абад облусунда жамаат менен окулбайт. Буга байланыштуу облустук милиция дин өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда жаралган абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, бири-биринин үйүнө баруулардын санын чектеп, зарылчылык жаралбаса үйдөн чыкпоо керектиги эскертилүүдө. Милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттен алыс болууга, тиешелүү санитардык нормаларды сактоого чакырып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ