Menu

Афганистан Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Афганистан Ислам Республикасынын атынан Сизди жана жалпы кыргыз элин кирип келген улуу Курман айт майрамы менен куттуктап жатканыма абдан кубанычтамын. Курман айт майрамы мусулмандардын улуу күндөрүнүн бири болуп саналат. Бул улуу күндө Жаратканды эстеп, ислам динибиз үйрөткөндөй курмандык чалып муктаждарга жардам көрсөтүшөт. Жараткан Алла Тааладан мусулмандардын кылган ибадаттары менен амалдарын кабыл кылуусун жана мусулмандардын биримдүүлүгүн, өнүгүүсүн, кыйынчылыктардан чыгаруусун суранам», — деп айтылат Афганистан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Мохаммад Ашраф Гани Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми кыргыз элине бакты-таалай жана өсүп-өнүгүү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: