Menu

Ысык-Көлдө компромат фактыларды ачыкка чыгарам деп коркутуп, 200 миң сом опузалап алган адам кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө компромат фактыларды ачыкка чыгарам деп коркутуп, 200 000 сом опузалап алган адам кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда 57 жаштагы К.Т. УКМКнын аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылып, бир адам компромат фактыларды ачыкка чыгарбоо үчүн андан 200 000 сом талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча катталган.

Шектүү Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты. 30-июлда ал колго түшкөн. Б.А.нын унаасынын ичинде адвокаттын катышуусунда 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып, буюм далил катары алынган.

Кармалган адам 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Сотко чейинки процесстин алкагында кармалган адамдын компромат материалдарынын жүйөлөрү да текшерилет”, – деди Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: