Menu

“Бир Бол” партиясы: Сымбат Маратбек депутаттыкка талапкер эмес

Бөлүшүү:
Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер эмес. Мындан сырткары, ал жетектөөчү кызматты ээлебейт жана партияны каржылоо саясатына эч кандай тиешеси жок. Ал штабдагы катардагы кызматкер. Бул тууралу партиянын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров билдирди.
Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынын штабына маектешүүнүн негизинде катардагы кызматкер катары кабыл алынган. Кызматкерди кабыл алып жатканда партия алардын ата-тегине, жерине, улутуна маани бербейт, биринчи кезекте адамдык сапаттарына, билимине, тажрыйбасына басым жасалат.
Сымбат Маратбек Германиядагы Лейпциг университетин аяктаган. Эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. МГИМодо эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн. Көптөгөн эл аралык премияларга татыган. Ошондой эле изилдөөлөр менен алектенет. 5 тилде эркин сүйлөйт.
Социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар биздин атаандаштардын партиянын беделин түшүрүү аракети деп эсептейбиз. Сымбат Маратбек тууралуу маалымат “Twitter” социалдык баракчасындагы “фейк аккаунт” аркылуу жарыяланып, каралоо кампаниясынын башталганы саясатка жаңы күчтөрдүн келүүсүнө каршы иш жүрүп жатканын далилдеп турат.
Учурда эл, анын ичинде шайлоого аттанып жаткан ар бир партия, талапкерлер мамлекеттен шайлоонун таза өтүүсүн талап кылып келебиз. Биз бардык саясий күчтөрдү шайлоонун таза өтүшүн өзүбүздөн баштоого чакырабыз. Оппоненттерди каралоодо моралдык, этикалык эрежеден чыкпайлы. Күнөөсү жок балдарды саясаттын ыплас оюндарынын курмандыгы кылбайлы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: