Menu

Жалал-Абад шаарында 14 жаштагы кыз көз жарды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында 14 жаштагы кыз көз жарды. Маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыздын кош бойлуулугу жөнүндө маалымат медицина кызматкерлери тарабынан белгилүү болгон. Шаардык мэрия алдындагы Балдарды коргоо боюнча комиссия маселени иликтөөгө киришти. Энесинин айтымында, кызы баланын атасы менен жолугушкан. Кыз ата-энеси анын тандоосун колдобосо жана бул жигит менен болгон мамилесине каршылык көрсөтсө, анда ал өзүн-өзү өлтүрөм деп коркуткан.

«Кыз медициналык адистердин көзөмөлүндө болгон. Биздин кызматкерлер дагы аны менен жолугушту. Эне-баланын абалы жакшы, алар үйүнө чыгарылды. Кыздын жашы жете элек болгондуктан, биздин адистер бул маселени өз көзөмөлүнө алышты», – деп билдирди ведомстводон.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кыз кош бойлуу кезде эле териштирүү башталганын билдирди. Медпункттан маалымат келип түшкөндөн кийин текшерүү башталды. Анын жыйынтыгы боюнча, кыз турмушка чыгып, кош бойлуу болуп калгандыгы аныкталган. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “16 жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу” фактысы боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Материалдар соттун кароосуна жөнөтүлүп, тургунду күнөөлүү деп таап, үч жылга үй камагына чыгарылган”, – деп билдиришти облустук милициядан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: