Menu

Бишкекке Кытайдан дагы 78 кычкылтек кислороду алынып келинди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына кечээ чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: