Menu

Москва олимпиадасына 40 жыл: жеңил атлетчи Марина Сысоева

Бөлүшүү:

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен.

Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушахметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү  “Турар” басмасында басылып жатат.

Мындан 40 жыл мурда Москва олимпиадасынын жеңил атлетика боюнча мелдеш курч мүнөздө өткөн. Кыргызстандык жеңил атлетчи Марина Сысоева бийиктикке секирүүдө байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган. Олимпиададалык оюндарда алтынчы орунга чейин упай берилип, мыкты көрсөткүч деп эсептелет.    Ошондуктан бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн даңазалуу жеңил атлетчи, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдыры тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Москва Олимпиадасынын катышуучусу Марина Сысоева

Кыргызстанды союздук, эл аралык тааныткан жеңил атлетчи Марина Сысоева тууралуу кийинки муун, жаштар анча билбей калышты. Ал жеткинчек кезинде белгилүү  спорттук гимнаст болууну самаган. Марина 1959-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Алты жашында  гимнастика ийримине жазылып, ошол тилегине жетүүгө далалат кылган. Бирок тилеги орундалбай бир нече ай машыгуудан кийин оорусуна байланыштуу, адистер ага тыюу салышкан. Марина абдан капа болуп, күнү-түнү ыйлап ата-энесин беймаза кылган. Жаш жетинчектин психологиясына, аң-сезимине доо кетип калабы дешип, ата-энеси дагы кабатыр болушкан. Дене тарбия мугалими Людмила Григорьевна Вогуль жеткинчекти алаксытып, сооротуу үчүн жеңил атлетика ийримине жазылуусун ата-энесине сунуштаган.

-Мында деле секирип, чурайсың. Кааласың каалгып бийиктиктен секирүүнү, шамалдай сызып, узундукка да секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөм. Гимнастай эле кыймыл-аракеттер бул спорт түрүндө деле бар. Бул спорттон деле дүйнөлүк аренага таанылууга болот,-деп жаш кызды кызыктырып, сооротот эле.

Ыза болуп турган Марина дароо макул болуп, жеңил атлетика ийримине жазылган. Ал эми Людмила Григорьевнанын кесиптештери аны «бул кодойгон кыздан эмне чыкмак эле. Деги кайдан таап алгансың» дешип, Маринаны сынай карашкан. Кыраакы устат беттегенин бербеген, өжөр кызга ишеним көрсөтүп, анан дагы гимнаст болбой ызаланып турган Маринаны аяп, жан дүйнөсү жабыркап, жаш чырпык сынып калбасын деп кесиптештеринин айткандарына маани бербей, кулак сыртынан кетирди. Анан дагы Маринанын чамдагайлык, сергектик ийкемдүүлүк жана так түйүлө секирген сапаттарын байкап, келечекте мыкты спортчу чыгаарына ишенди. Жеңил атлетиканын бийиктикке секирүү түрүнөн машыккан улан-кызда мына ушундай сапаттар болуусу шарт. Кеп анын боюнда эмес, күүлөнүп келип жерден так түйүлө серпилип секирүү ыкмасын мыкты билсе болгону. Маринада жаратылыш ыроологон ушундай касиеттер бар экенин устаты баамдап, анын эмгекчилдик, мээнеткечтик, тырышчаактык мүнөзү да ийгиликтерге өбөлгө болоорун сезип, керемет нерсе,  спорттук бийиктиктерди багындыра алаарын ички туюму менен сезип турду. Устаты жаңылбаптыр, Марина 15 жашында СССР спортунун чебери деген ардак наамга арзыды. Ал 1 метр 75 сантиметр бийиктикти багындырып, кыздар арасында Кыргызстандын чемпиону аталып, эл аралык мелдештерде адистердин көңүлүн бурду. Мындай таланттуу кыздын келечегин көрө билген Людмила Григорьевнага анын жубайы, таанымал машыктыруучу Анатолий Иванович Вогуль да тилектеш болуп, экөө биргеликте Маринаны табына келтире таптоого өтүштү. Людмила Григорьевна дене тарбиясына, ылдамдыгына басым жасаса, Анатолий Иванович техникалык чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштеди. Анан дагы секирээр алдында алдыга бир чоң аттап, күүлөнүп туруп, чалкасы менен асманга көтөрүлүү ыкмаларын терең үйрөтүштү. Алардын мээнетинин акыбети кайтарып, үзүрүн бере баштады. 1978-жылды Марина Сысоева­­нын жылдызы жанган учур десек жарашат, себеби жаш болсо да топ жарып, жаштар арасында СССРдин кышкы жана жайкы чемпионаттарында бийиктикке секирүүдө атаандаштарын артка калтырып, СССРдин жаштар арасындагы чемпион аталып, алтын медаль көкүрө­гүндө жаркырап, жеңиштерге шыктандырып турду. Ага «СССРдин эл аралык даражадагы спорт чебери» деген ардак наам да ыйгарылды. Ошондой эле союздун жаштар тандалма командасына мүчөлүккө кабыл алынды. Андан кийин СССР-ГДР эл аралык турниринде, экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.

1979-жыл Маринанын спорттук тагдырындагы эң оор жана ары кубанычтуу жылдардын бири .  СССР элдеринин VII Спартакиадасында бутунан жаракат алып калганына жан чыдаткыс ооруганына карабай 1 метр 89 сантиметр бийиктикти багындырып, бешинчи орунду ээлеп калды. Бул мелдеште байгелүү орундарды ээлеген спортчулар Москва олимпиадасына катышууга талапкер болушкан. Маринанын олимпиадага катышаары арсар болуп, аны кыжалат кылып турду. Себеби анын атаандаштарынын бири украиналык Нина Сербина 1 метр 96 сантиметрди секирүү менен лидер болуп турган. Жети сантиметр деген абдан чоң айырма. Маринанын устаттары да санааркап, убайым жеп турушту. Анан олимпиадага талапкер болчу спортчулар бир туугандар Знаменскийдин байгесине арналган турнирде дагы бир ирет сыналмак болушту. Бул СССРдин тандалма командасынын катарына кошулуп, олимпиадага катышууга акыркы мүмкүнчүлүк эле. Марина бутунун жаракатына карабай, көгөрүп мелдешке катышты. Алгач ал 1 метр 87 сантиметр бийиктикти багындырды. Анан 1 метр 91 сантимерт бийиктик да ага багынып берди. Акыркы секирүүнүн жыйынтыгы 1 метр 93 сантметр болуп, анын жеңишин бекемдеп койду.

Марина Сысоеванын келечегинен үмүттөнгөн союздун спорт жетекчилери ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, аны 1980-жылкы Москва Олимпиадасына катышчу жеңил атлетчилер курама командасынын катарына кошуу үчүн дагы бир турнирде сынап көрүүнү чечишти. Бул мелдеш Москва шаарында өтүп, стадиондо көнөктөгөн жамгыр куюп турду. Мелдешти кийинки мөөнөткө жылдыруу керек эле. Бирок, андай чечим кабыл алынган жок. Спортчуларды ушундай катаал шартта дагы сынап көрүүнү федерация жетекчилери ылайык көрүштү окшойт. Айла жок, Марина мындай шартка да көнүп, жамгырда тайгаланып жыгылып, дагы кошумча жаракат алып калбайын деп кооптонуп да турду. Мындай учурда мыкты көрсөткүч жаратуу да кыйын. Анан дагы нерв чыңалып, үйрөнгөн чеберчиликти аткарууга күчтүү мүнөз, эрк талап кылынып, чоң сыноо алдыда эле. Марина жамгырга карабай 1 метр 93 сантиметр бийиктикти багындырып, бардык атаандаштарын артка калтырды. Эми гана баары ачык айкын болуп, ал лидер аталып, СССРдин тандалма командасынын катарында 1980-жылкы Москва олимпиадасында өлкө намысын коргомок болду.

Ошентип көптөн күткөн Москвадагы ХХII Олимпиадалык оюндардын жеңил атлетика мелдештери башталып, мыктыларды иргеп алууда Марина 1 мерт 88 сантиметрге бийик секирүү менен финалдык топко кошулду. Финалдык таймашуулар абдан курч мүнөздө өттү. Италиялык, дүйнө чемпиону Сара Симона менен германиялык атаандаштары 1 метр 91 сантиметр чекти ашып, таймаш курчуду. Марина да бул бийиктикти багындырып, оңой жоо эмес экенин көрсөтүп жатты. Анан 1 метр 94 сантиметрге чек коюлуп, Марина бул бийиктикти мурда секирип жүрчү. Биринчи аракетинен майнап чыкпады. Экинчи жолу секиргенде мурдагы  жаракаты жанды кейитип, көздөгөн максаты орундалбай калды. Үчүнчү ирет дагы аракет кылып көрдү. Бир жыл мурда алган жаракат тоскоолдук кылып, күйөрмандардын үмүтүн актай албай, Маринанын көзүнөн жаш тегеренип, сыздап турду. Ошентип Марина бийиктикке секирүүдө 5-орунду камсыз кылды. Олимпиадалык оюндарда 6-орунга чейин байгелүү деп эсептелгендиктен Маринанын бул көрсөткүчү ийгилик деп айтсак жарашат. Анын жеке көрсөткүчү – 1м. 93 см. бийиктик болуу менен Кыргызстандын рекордду болуп эсептелген. Кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей Маринанын мурдакы жаракаты тоскоол болуп, Москва олимпиадасында байгелүү орунга жетем деген тилеги орундалбай калды. Күйөрмандар, спорт жетекчилери ар дайым учурунда жеңүүчүлөргө гана сый-урмат көрсөтүп, мурда ийгиликтерге жетип жүргөн спортчулар көз жаздымда унутулуп кала берет. Москва олимпиадасында алтын медаль уткан Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпаков, Николай Чернецкий, Александр Блинов, коло байгелүү болгон Александр Абушахметов, Сатымкул Жуманазаровду Бишкекте зор салтанат менен тосуп алышып, алардын жеңиштеринин урматына салтанаттар өткөрүлүп, бүт өмүрүн спортко арнаган СССРдин чемпиону Марина Сысоева көңүл сыртында кала берген эле.  Жан дүйнөсү назик Маринага бул көрүнүш оор тийип, көңүлү кайт болуп,  өзүн алаксытуу максатында Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон…

Ошондой болсо дагы Марина Сысоева жеңил атлетика менен 10 жылдан ашуун машыгып, Кыргызстандын рекорддун 1974-жылдан 80-жылдарга чейин 1 метр 74 сантиметрден 1 метр 93 сантиметрге чейин жеткирип 8 жолу жаңырткан. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Людмила Григорьевна Вогулдун салымы зор.

Кыргызстандын чемпионаттарында, союздук мелдештерде Марина Сысоева баш байгени бир нече жолу жеңип, чеберчилиги жогору болгонун жаштарга айта жүрүү эп. Анын спорттогу ийгиликтери, жеңиштери жаштарша үлгү, өрнөк болуп саналат.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Николай Чернецкий, Александр Блинов, коло байге ээлери Сатымкул Жуманазаров,  Александр Абушахметов  тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө   олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат.)  

Кабыл Макешов,  КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: