Menu

Бишкекте баңгизаттарды саткан деп шектелген 26 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери баңгизатын тараткан жана саткан деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июлда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө эки жигит баңгизатын Жалал-Абад облусунан Бишкекке таратуу жана сатуу максатында ташып кетүүгө ниеттенип жатканы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 26 жаштагы Р.С.ны шектүү катары кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: