Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаарындагы жана облустук ооруканалардын медициналык кызматкерлерине жарым тонна малина вареньясын жөнөтүштү. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургундар билдиришти.
Банкалардагы вареньялар кызыл зонада, обсервация жана стационарда иштеген дарыгерлерге, медайымдарга таратылат.
“Биз дарыгерлер үчүн канчалык кыйын экендигин көрүп жатабыз, ошондуктан Кадамжай районунун жашоочулары малинадан варенья жасоону чечишти. Бул жемиш биздин бакчаларда өсөт. Биз аны чогулттук жана айрыкча дарыгерлер үчүн варенья даярдадык”, – деди райондук штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.
Ошондой эле, ал малина вареньясын Бишкектеги ооруканалардагы медициналык кызматкерлерге дагы жөнөтөт деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ