Социалдык тармактарда ок атылган эки куштун сүрөтү кызуу талкууланып жатат. Буга байланыштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев 3-августта бул балдарды издөө жана жоопко тартуу максатында Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгына маалымат жөнөтүлгөнүн айтты.
Анын айтымында, сүрөттөрдөгү жигиттерди издөө иштери башталды.
Туратбек Сатимбаев кошумчалагандай, сүрөттө Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген ак кунас көрсөтүлгөн. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтомуна ылайык (өзгөртүлгөн 2017-жылдын 18-августундагы № 51 токтомуна ылайык) жаратылышка келтирилген зыян ар бир ак кунас үчүн 30 миң сом төлөшү керек.
Анын айтымында, бул канаттуулар Жалал-Абад облусунда атылган болушу мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ