Өзбекстандагы чет өлкөлүк жарандардын визасы автоматтык түрдө 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик туризм комитети билдирди.
Маалыматта бул жарандардын виза мөөнөтү өтүп кетсе, айыппулга жыгылбай турганы белгиленген.
Өзбекстан 16-мартта чет мамлекеттер менен темир жол жана аба каттамын токтоткондон кийин чет өлкөлүк жарандарга берилген визанын мөөнөтү бир нече жолу узартылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ