Menu

Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу кыйла жеңилдеди

Бөлүшүү:

Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу документ алуу шарттары кыйла жеңилдеди. Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык абалдын актылары жөнүндөгү жаңы мыйзамдарга кол койгону 5-августта белгилүү болду.

Ата-эненин убактысын жана акчасын үнөмдөөгө багытталган бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш быйыл 17-июнда кабыл алган.

Эми Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК, орусчасы ЗАГС) бала төрөлгөнү тууралуу фактыны ата-энесинин документи жок болсо же өз убагында берилбесе өз алдынча каттай берет.

Каттоонун «асырап алууну мамлекеттик каттоо» жана «аталыкты белгилөө» деген эки түрү жоюлду.

«Атасынын аты» деген жерге өз атасынын же асырап алуучунун, өгөй атасынын, чоң атасынын, таятасынын атын жаздырууга уруксат берилди.

Жаңы мыйзамда ата-эненин каалоосуна жараша ымыркайдын фамилиясын атасынын же чоң атасынын атына «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» деп кошуп же улуттук салтка ылайык «уулу» же «кызы» деп жаздырса болору да белгиленди.

Мындан ары ата-эне жаңы төрөлгөн баласына «өзүлөрү кайсы жерде катталган болсо, ошол жерден күбөлүк ала алат» деген талап болбойт. Мындай норманы алып салууга ички миграциядагы туруксуз абал себеп болду.

2019-жылы жыл башында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) уюштурган «Көрүнбөгөн балдар» акциясында Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын 18 миңи катталбаганы айтылган.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк белгилүү бир убакыт аралыгында гана жазылып берилет. Эгер ошол мөөнөттү өткөрүп жиберсе ата-эне 1000 сом айыппул төлөп гана документ ала алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Патма
3 years артка

Мен куйоом мн ажырашкам боюмда бар балама куболукту куйоомдун атына эмес озумдун атыма алсам болобу? Кийин зыяны тийбейби куйоомдун атына албаганым учун.Озумдун атыма алсам да куболугун баламдын алементке бере аламбы? Балам 3 жашка чыканга чейин мага да акча толоп береби?жооп берип койсонуздар.Кандай дакументтер керек?

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: