КММАнын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Рахатбек Оморов, COVID-19дан каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик орнотууну демилгелейт. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн ассистенти Сыймык Сапаров билдирди.
Анын айтымында, Оморов жеке өзү үчүн 1 миң доллар бөлгөн, анын идеясын профессор Эрнис Тилеков, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова колдогон. Азыр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген скульптору Дүйшөн Жолчуев эстеликтин эскизинин үстүндө иштеп жатат.
“Эстелик КММАнын башкы имаратынын аллеясында орнотулат, анткени бул медициналык кызматкерлердин баары биздин бүтүрүүчүлөр. Долбоорду колдоп, каржылык жардам көрсөтүүнү каалагандар биз менен байланышса болот” – деди ал.
Эске салсак, пандемия башталгандан бери 2 928 медициналык кызматкерге COVID-19 диагнозу коюлган. 2025 адам айыгып, 70тен ашуун медкызматкер илдеттен каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ