Активист Адилет Ормонбеков Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун мурунку судьясы Айбек Эрнис уулуна карата чара көрүүнү суранат. Ал Башкы прокуратуранын электрондук кабылдамасына тиешелүү арызын жөнөткөн.
“Тоголок Молдо жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жайга кирип, күзөтчүнү сабап, күбөлөрдү коркутуп, качып кеткен жарандын кылмыш ишин токтотуп койгон судья Айбек Эрнис уулуна каршы чара көрүңүздөр. Мас абалындагы айдоочу ошол жерден бирөөнү оңой эле сүзүп кетмек, азыркы учурда жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурат”, – деп жазды Адилет Ормонбеков.
Мындан тышкары, активист судья Айбек Эрнис уулунун башка иштерине көңүл бурууну суранат. Мисалы, “Бишкек Парк” соода борборунда жашы жете элек кызды зордуктаган учурда, айыпкер да бошотулуп, иш жабылган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, активисттин билдирүүсү почтанын иштебей калгандыгына байланыштуу катталган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ