Menu

Бишкек мэриясы электробустарды сатып алууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Бишкекте электробустар пайда болуп, алар үчүн бардык инфраструктуралык шарттар түзүлүп, атайын жол линиялары бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, долбоорду Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жардамы менен ишке ашыруу пландалууда. Бул максатта АӨБ менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда шаардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча өз ара меморандумга кол коюлду. Долбоор 58,9 млн долларга бааланууда. АӨБ 50 миллион доллар бөлүп, анын 15 миллиону грант болот.

Долбоор төрт бөлүктөн турат:

– абага зыяндуу заттарды чыгарбаган автобус паркын модернизациялоо. Бул этапта заманбап энергияны үнөмдөөчү аккумулятордук электробустар, кубаттоочу инфраструктураны (подстанция, электромонтаждык жана курулуш иштери) жана автобустарды тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу каралган;

– автобус депосунун инфраструктурасын модернизациялоо. Бул компонент өзүнө жаңы электробустар үчүн бардык аба-ырайына ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт;

– электробустар үчүн пилоттук түрдө «жашыл» коридор түзүү. Жолдордо атайын коридорлорду уюштуруу, башка каналдар боюнча жол кыймылын бөлуштүрүү, токтотуу пунктарын модернизациялоо жана башка;

– Бишкектеги автобустардын ишинин туруктуулугун жогорулатуу.

Негизги каражат электробустарды сатып алууга, инфраструктуралык курулуштарга жана консультациялык кызматтарга жумшалат. Азырынча канча электробус алынары кабарлана элек.

Долбоордун алкагында АӨБ жалдаган консультанттар электробустарды сатып алуу боюнча конкурстук билдирмелер үчүн техникалык тапшырмаларды даярдап беришет.

Ушу тапта 1 миллиондон ашык жашоочусу бар Бишкекти 110го жакын троллейбус, 120 автобус жана 2 миңден ашык кичи автобус тейлейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: