Бүгүн, 30-июнга карата Кыргызстанда дагы 279 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 182, Чүй облусунан – 36, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 7, Талас облусунан – 15, Нарын облусунан – 10, Баткен облусунан – 9 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 5296га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 336 адам;
– Ош облусунда — 485 адам;
– Ош шаарында — 651 адам;
– Бишкек шаарында— 2097 адам;
– Нарын облусунда — 484 адам;
– Чүй облусунда — 732 адам,
– Баткен облусунда — 77 адам;
– Талас облусунда – 66 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 129 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 76 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2379ке жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 22 адам; Чүй облусунан – 5 адам, Ош облусунан – 9, Ош шаарынан – 19, Талас облусунан – 3, Баткен облусунан – 1 адам, Нарын облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 7 адам.
Өткөн сутка ичинде 7 бейтап каза болду. Республикалык клиникалык ооруканасында 55 жаштагы эркек киши жана 76 жаштагы эркек киши, Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 70 жаштагы аял, 49 жаштагы аял киши, №2 клиникалык төрөт үйүнөн 27 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасынан 44 жаштагы эркек киши, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 53 жаштагы эркек киши көз жумду.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 57ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ