Menu

Бостериден эки жаштагы кызды уурдоого шектелген 19 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды

Бөлүшүү:

Бостери айылында эки жаштагы кызды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта Чүй облусунун Селекция айылынын 34 жаштагы тургуну С.Ч., Бостери айылынын ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Ал өзүнүн билдирүүсүндө, эки жаштагы кызын “Борбор” эс алуу жайындагы үйүнүн жээгинде жоголуп кеткендигин билдирген.

Көп өтпөй, жоголгон кыз “Борбор” эс алуу жайынан Бишкекке бара жаткан автобустун жанынан табылган. Жанында Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну К.Э. турган. Күбө учурунда кармалган адам белгисиз кызды эс алуу үйүнүн жээгинен чоңдордун көзөмөлү жок эле таап алганын айткан. Андан кийин ал кызды милицияга алып барууну каалаган.

Негизги күбө, автобустун айдоочусу Бишкек шаарына жөнөп кеткендиктен, анын келишин күтүп отуруп, аны суракка алышты. Бардык күбөлөр жана жабырлануучу суракка алынды. Кармалган К.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 170-берене боюнча (“Адам уурдоо”) кылмышка шектүү катары билдирүү беришти”, – деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

Кармалган адам Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: