Каракол дарыясына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-августта саат 20:46 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 1987-жылы туулган эркек адам Каракол дарыясына кулап түшкөн.
Издөө иштерине 30 куткаруучу жана 20 жергиликтүү тургундар тартылган.
Бүгүн саат 13:07 чамасында адамдын денеси табылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Маалыматка ылайык, ал адам кечээ достору менен эс алып жаткан. Бул убакта маркум Ж.Э. 4 дөңгөлөктүү мотоцикл айдап, дарыяга кулап, каза тапты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ