Menu

Казак-өзбек чек арасында топтолгон 200 мигрант Тажикстанга жеткирилди

Бөлүшүү:

Эл аралык миграция уюму казак-өзбек чек арасында топтолгон 200дөн ашуун тажикстандык жаранды мекенине кайтарууга көмөк көрсөткөнүн билдирди.

«Жибек жоли» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинде топтолгон мигранттарды алып кетүү боюнча тажик өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Каржылай көмөктү Норвегия өкмөтү көрсөткөн. Эл аралык миграция уюму коронавирус пандемиясы башталгандан бери 1800 жаранды Тажикстанга жеткирүүгө жардам бергенин белгилеген.

Казак-өзбек чек арасында топтолгон мигранттардын арасында балдар, аялдар жана студенттер да болгон.

Уюм көптөгөн өлкө өкмөттөрүнүн пандемия маалында мигранттарга карата көргөн чараларына оң баасын берип, коомдук саламаттык стандарттарын сактоо менен аларды мекенине кайтаруу жолдорун издөөгө чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: