Бүгүн, 17-августта “Ата-Мекен” партиясынын парламенттик шайлоо алдындагы съезди Бишкекте ачык асман астында, кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн аллеясында болуп өттү.
Съезддин ачылышында чыгып сүйлөгөн “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партияны 4-октябрдагы шайлоого Жанар Акаев баштап бара тургандыгын жарыялап, партияны мындан ары жетектөөнү Жанар Акаевге тапшыра тургандыгын билдирди.
Андан кийин чыгып сүйлөгөн жаңы лидер Жанар Акаев мындай ишеним үчүн Өмүрбек Текебаевге ыраазычылыгын билдирип, ишенимди актоого аракет кыларын айтты. Партиянын шайлоо алдындагы программасына токтолду.
Съезд КР Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышына “Ата-Мекен” партиясынан талапкерлердин тизмесин бекитти.
Ал тизмеде:
Жанар Акаев
Рыскелди Момбеков
Элвира Сурабалдиева
Наталья Никитенко
Элдар Абакиров
Эмил Токтошев
Бахадыр Сулейменов
Абдывахап Нурбаев
Бакыт Рысбаев
Эвраз Осмонов
Жибек Шарапова
Кундуз Кырбашова
Азат Эркебаев
Сейтек Качкынбаев
Тилек Токтогазиев жана башкалар бар.
Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов жана Асия Сасыкбаевалар тизмеге кирген жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ