Menu

Каржы пирамидасын уюштурган аялдар кармалды

Бөлүшүү:

Каржы пирамидасын уюштурган учурда тергөө иштеринин алкагында 3 адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Ош шаарынын тургуну Б.Г. 6-августта милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү алар Ж.Ж. аттуу аял менен “Жылуу-Суу” мончосунун жанындагы кеңседе жолугушкан. Арыз ээсинин айтымында, шектүү адам анын ишеничине кирип, миллионер болууга убада берип, кирешелүү бизнеске акча салууну сунуш кылган.

Шектүүнүн айтымында, алынган кирешенин көлөмү анын канча адам бул ишке катышаарына байланыштуу. Жабырлануучу 58 миң сом берген. Шектүү катары Кара-Кулжа районунун тургуну, 1979-жылы туулган Ж.Ж. кармалган. Аны Кара-Көл шаарында Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга жаткырылган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүгү (“Каржы пирамидаларды уюштуруу”) боюнча териштирилет . Бүгүнкү күнгө чейин жабырлануучулардан 5 арыз келип түшкөн.

Мындан тышкары, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кечээ, 17-августта Жети-Өгүз районунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 1969 жана 1974-жылы туулган дагы эки аялды кармашты. Алар Ош шаарына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга жаткырылды.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 1969-жылы туулган аял Россия Федерациясынын жараны, финансылык пирамиданын негиздөөчүсү. Кармалган экинчи адам – Бишкек шаарынын тургуну.

Жалпысынан 10 аялдан ушул аялдарга карата арыздар келип түшкөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын тургундарынын эки арызы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: