Социалдык тармакта үйлөнүү тойдо белгисиз адам ок чыгарып, жаңы үйлөнгөндөрдүн атын атап кыйкырган видеотасма жарыяланды.
Видеонун автору иш-аракеттер Ош облусунун Өзгөн шаарында жүрүп жаткандыгын билдирди. Ошол эле учурда, тойдун датасы көрсөтүлгөн эмес.
“Нурик, бактылуу бол”, – деп жигит кыйкырып, тапанчасын чыгарып, абага ок атты.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, бул факты катталып, текшерүүдөн өтүп жаткандыгы маалымдалды.
“Милиция кызматкерлери видеотасманы көрүп, Өзгөн шаарында видеотасма тартышкан эмес деген тыянакка келишти, анткени алар видеодогу аймакты тааныган эмес, бирок издөө иштерин улантышууда”, – деп билдиришти облустук ички иштер башкармалыгынан.
Ошондой эле, бул эски видеотасма болушу мүмкүн, анткени пандемияга байланыштуу Өзгөндө мындай иш-чаралар болгон эмес деп кошумчалады.
https://www.instagram.com/p/CEBqwwlj16c/?igshid=fj9vgocx9w06
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ