Кечээ, 17-августта мурунку “Ар намысчы”, азыркы КСДПчы депутат Дастан Бекешев “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен кол кармашып, сүрөткө түшүп, “Реформа” партиясына киргендигин жана ушул партиянын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанарын жарыя кылган.
Бүгүн, 18-августта “Реформа” партиясы ачыктаган депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде Дастан Бекешев жок болуп чыкты.
Көп өтпөй Дастан Бекешев видеокайрылуу жасап “Реформа” партиясын колдой турганын бирок шайлоого катышпоо чечимин кабыл алганын жар салды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ