Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоровдун унаасына жасалма номер орнотулган факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу журналисттерге облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 173-беренесинин “Жасалма же жасалма мамлекеттик каттоо белгилери бар унааны айдоо” боюнча катталган.
Сотко чейинки териштирүү Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, Дамир Моңолдоров жетекчиликтин уруксаатысыз автоунаанын мамлекеттик номерин башка унаага тагып алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ