Президенттин АКШда өткөн БУУ Башкы Ассамблеясына бараткан жолдо жүрөгү ооруп, Стамбулда калып калышы көптөгөн имиштерди жаратып жиберген болчу.
А.Дубнов сыяктуу саясатчылар “Бул дипломатиялык оору” деп да айтып салды. Дагы башкалар “Көчмөндөр оюну, 60 жылдык той жана Ө.Текебаевдин “бомбалары” жүрөктү жаралантты”- деп чыгышты. Бирок ажобуз Измирде 2-3 күн эс алып, өзүнө келген соң, аттын башын Вашингтонго эмес, Москвага буруп, ал жакта Россия президентинин администрациясынын бейтапканасында дарыланып, 1-октябрда Бишкекке эсен-соо кайтып келди. “Манас” аэропортунан ал жубайы Раиса айым менен күлүп-жайнап эле жетелешип түштү. Ошентип берки тараптагылардын деми бир аз сууй түшкөндөй болду. Ушул дүйшөмбүдөн баштап А.Атамбаев жумушка чыгып, кадимкидей иштей баштады. Бул аралыкта бийлик 4-декабрга Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярданып, ал эми оппозиция ага каршы кол топтоп жатат. Кыскасы, Жаңы жылдын алдында Кыргызстандын саясатында айыгышкан “согуш” жүрөт окшойт. Ага президенттин назик жүрөгү туруштук бере алар бекен?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ