Menu

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Жүрөгүмдө арман болуп жашап келе жаткан өкүнүч бар…”

Бөлүшүү:
– Жүрөгүңүздө арман болуп жашап келе жаткан өкүнүч барбы?
– Бар. Апам Майрамкан 59 жашында каза болуп калган. Бул мен үчүн эч качан орду толгус, эч ким толуктай алгыс, дайыма жүрөгүмдө арман болуп жашап келе жаткан өкүнүч. Апамдын аты Майрамкан 8 бала төрөп, баарыбызды алпечтеп багып чоңойткон. Негизи он бала төрөптүр, эки баласы каза болуп калып, сегизөөбүз чоңоюп апабызга сый-урмат көрсөтүп, төрүбүздө олтураар кезде апам бизди таштап кеткен. Апам мага төрөлгөндө Жаныбек деген ысым ыйгарыптыр. Атам достору менен атымды Улукбек деп коюшкан экен.
Ага апам көнбөй, көзү өткүчө мени Жаныбек деп жүрдү. Кээде Улук дешсе, ким ал Улук деген деп тааныбай калган окуялар көп эле болгон. Азыр ойлосом, үйдөгү каржыны гана апам кармабай, берекени да кармачу экен. Апамдын дагы бир балалыктагы калган элеси апам бизге чоктун табына дүмбүл бышырып берчү. Бир колу менен тамак жасап жатып чокко дүмбүл бышырып бизге берип коёт эле. Апам кармап берген нерсени биз кармай албайт элек, жерге ургулап муздатып анан жечүбүз. Апам жоктон бар кылып тамак жасап, ашты сонун кылып басчу. Өз колу менен жасаган мантысын, ашын азыр да сагынам. Апам каза болоордон эки жума мурун үйгө барып жүрүп келгем. Суук кабар келгенде мен шаарда иштейт элем. Телеграмма колума тийээри менен айылга жетип бардым. Апамды жерге берип үйгө келгенден кийин карасам, апамдын колу менен байланган помидорлор, тандыры, бардыгы турат, өзү жок. Ошолорду көрүп эшиктин алдындагы огородго чыгып алып кыйкырып ыйлап алып үйгө киргем. Энени жоготууну Кудай эч кимдин башына салбасын, өтө жаман нерсе. Эң кейиштүүсү, баарыбыз чоңоюп, биздин жакшылыгыбызды көрөөрдө өтүп кетти. Апамдан бир жылдан кийин атам өтүп кетти. Өкүнгөнүм, бардык нерсе колдон келип, каалаган нерсесин алып берээр учурда экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Азыр мен атасы, апасы тирүү досторума азыр көзү барда сыйлагыла, каза болгондон кийинкиси бир тыйын деп айтып калам.
Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: