Минскте миңдеген кишилер дүйшөмбү күнү кечинде нааразылык акциялары учурунда кармалгандар менен башаламандыктарды уюштурууга айыпталган блогер Сергей Тихановский отурган № 1 тергөө абагынын алдына чогулушту.
Анын аялы Светлана Тихановская 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун негизги атаандашы болгон.
Tut.by порталы билдиргендей, абактын имаратынын алдына 5-7 миң киши чогулду. Митингдин катышуучулары маал-маалы менен “Коё бер!”, “Кет!” деп кыйкырып турушту. “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, микрофондун жанындагы ак-кызыл-ак желектердин арасында Евробиримдиктин да желеги болгон. Бирок митингдин катышуучулары “бөтөн желекти” алып салууну талап кылышкандан кийин ал алынган.
Митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү № 1 тергөө абагынан кийин Окрестин көчөсүндө жайгашкан башка бир изоляторду көздөй жөнөшкөн. Ал жерде да акция учурунда кармалгандар отурат.
Новости с Окрестина. Волонтёры натянули ленты и попросили протестующих остановиться за территорией лагеря. Вроде бы на этом пока и договорились pic.twitter.com/Bnbc6qOmIl
— Чай з варэннем (@belteanews) August 17, 2020
Демонстранттар изолятордун жанындагы паркка жеткенде аларды ыктыярчылар тосуп алып, андан ары барбоону жана кыйкырбоону сурашты. Буга чейин тергөө абагынын кызматкерлери көчөдө ызы-чуу салгандарды камап жатканы айтылган.
Митинг бүткөнү калганда Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын штабынын өкүлү Ольга Ковалькова келди. Бирок тергөө абагынын өкүлдөрү тышка чыккан жок. Мындан соң демонстранттар тарашты.
17-август күнү кечинде Беларус ИИМи изоляторлордо 122 киши калганын билдирди.
Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет.
Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ