Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы 2,5 миң гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүчү ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2019-жылы Дүйнөлүк банк менен Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системаны реабилитациялоо жөнүндө келишимге жетишилгендигин маалымдады.

Аталган долбоорду толугу менен ишке ашырууда жакынкы үч айыл өкмөтүндө 2,5 гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков улутук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгын, бул аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында бүтүндөй бир комплекстүү маселелердин чечилишине өбөлгө болорун дагы бир жолу белгиледи.

«Элинин көпчүлүгү айыл  чарбасы менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү — бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси», — деп баса белгиледи ал.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттарына кеңири токтолуп, анын президенттик ишмердүүлүгү мезгилинде ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жалпы облустун өнүгүшүнө жакшы таасир этүүчү Кочкор районунун ирригация тутумдарынын кеңейтилишине ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 3 этаптан турат, алардын экөө 2024-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.

Бул мезгил аралыгында 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Натыйжада 27 миң гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 46 миң гектар жердин суу менен жабдылышы жакшыртылат. 2020-жылы 1700 гектар жаңы сугат жерди өздөштүрүү пландаштырылууда.

Ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик каражаттар менен катар өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары жигердүү тартылууда, алардын көпчүлүгү грант болуп эсептелинет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: