Menu

77 жаштагы Жо Байден демократтардын атынан расмий түрдө АКШнын президенттигине талапкер болду

Бөлүшүү:

Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер Жо Байден

Демократиялык партия АКШ президенттигине өзүнүн талапкери катары Жо Байденди расмий түрдө бекитти.

Чечим шейшемби, 18-августта партиянын жалпы улуттук съездинде кабыл алынды. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу “Американы бириктирүү” урааны алдындагы съезд онлайн режиминде өттү. Добуш берүү дагы видеоформатта жүрдү. АКШ аймактарынан жана штаттарынан шайланган партиялык делегациялар өз праймериздеринин жыйынтыгын жарыялашты. Жалпысынан Жо Байден делегаттардын 3,5 миң добушун топтоду.

Жо Байден 3-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо азыркы президент Дональд Трамптын атаандашы болот. Сурамжылоолорго ылайык, Трамп Байденге караганда азыраак колдоого ээ. Ушуну менен 77 жаштагы Байден АКШнын президенти болууга үчүнчү жолу аракет жасоодо.

Съездге бир апта калганда Жо Байден АКШнын вице-президенттигине Калифорниядан сенатор Камала Харристи тандады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: