Menu

Белгилүү илимпоз жана журналист Бекташ Шамшиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын “эски гвардиясына” кандай комментарий берди…

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-августта “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын съезди өтүп, анда партиянын Саясый кеңеши толук түрдө жаштар менен жаңыланды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин алдыңкы катарына жаштар киргизилди. Бирок “Бүтүн Кыргызстан”партиясын кыртышы сүйбөгөндөр партиянын “жаш гвардиясынын” сүрөттөрүн атайын байкабай, “эски гвардиясынын” бейформал түшкөн сүрөтүн чыгарып алышып, ушак таратышууда.

Ошондой сүрөттөрдүн биринин алдына белгилүү окумуштуу жана журналист Бекташ Шамшиев төмөнкүдөй пикир калтырып, жаштарга насаатын айткан:

“Эгер өтүп калса мына ушул партия парламенттин жүзү болот. Акылы, тажрыйбасы жетиштүү, элине иштеп берчү азаматтар. Парламент жалаң жаштардан болуп калса комедия, чалдардан куралса трагедия болмок. Мына эми муундар аралашып ортодон драма чыгат, саясий сахна кызыйт, жаштар чын эле мыкты болсо көрсөтүшсүн күчүн. И. Кадырбековдун акылы, Т. Сариевдин тажрыйбасы, Исхактын чынчылдыгы, Субаналиевдин чечкиндүүлүгү кереги жок болуп калганбы? Үйдө отурбайбы аксакал болгондон кийин дегендерди түшүнбөй турам. Трамп үйүндө эмес Акүйдө отурат, андан улуу Байден АКШ президенттигине ат салышып жатат. Америкада деле акылдуулар көп үйдө отур дешпеди го. Коңшубуз кытайдын президенти деле жаш эмес”, – дейт Бекташ Шамшиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: