Сузакта бир тууган агасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз ымыркайдан баш тартты. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айтымында, окуя болгон үй-бүлөнүн социалдык абалы туруктуу. Үй-бүлөдө 8 бала бар. Үй-бүлө райондук социалдык өнүгүү бөлүмүндө каттоодон өткөн эмес , – деди министрдин орун басары.
Эскерте кетсек, 16-июлда мектеп окуучусу өзүнүн 20 жаштагы агасынан эркек бала төрөдү.
Солтонбекованын айтымында, кыз жана анын апасы төрөт үйүндө баласын таштап кетишкен.
Буга чейин милиция кызматкерлери бул факты боюнча материалдар Сузак районунун Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ