Мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүү фактылары аныкталса, талапкерлер, саясий партиялар каттоодон баш тартылышы мүмкүн, – деп билдирди БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Анын айтымында, бүгүн, 21-августта Борбордук шайлоо комиссиясы мындай фактылар үчүн бир катар партияларга эскертүү берди.
Бекматовдун маалыматы боюнча, “Реформа”, “Чоң казат” жана “Бирик” саясий партияларына эскертүүлөр берилген.
“Бирик” саясий партиясы шайлоого көз карандысыз катышуудан баш тартып, башка партия менен бириккен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ