Ага республикалык бюджеттен 19 миллион 194 миң 700 сом акча каражаты каралып, тендердик наркы 17 миллион 232 миң 300 сомдук жумуштар жасалган. Областта 91 мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзгө муктаж болуп, алар да утурумдук оңдоодон өттү. Бул тууралу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Ноокен районунда жергиликтүү бюджет жана райондун өнүктүрүү фондунун эсебинен 1 мектептин курулушу жүрүп, үчөөсүндө капиталдык ремонт жасалууда. Аймактардан Аксыда 2, Сузак 1, Базар-Коргон 1, Токтогул 3, Тогуз-Торо 1, Чаткал 1 жана Ала-Бука районунда 1, жалпы 10 жаңы мектептин курулушу улантылууда.
Буга чейин жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, облуста 2020-2021-жаңы окуу жылына карата түрдүү предметтер боюнча 329 педагогикалык кадр жетишсиздиги аныкталган. Бул маселени жөнгө салуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 339 бүтүрүүчүсүн аталган жайларга жумушка тартуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында биринчи чейрек аралыктан окутуу процессинде улантылып, 1-класстар гана санитардык талаптарды сактоо менен иштелип чыккан алгоритмге ылайык мектептерде билим алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ