Menu

Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан кетип, “Мекеним Кыргызстан” менен шайлоого аттанды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан кетти. Бул маалыматты журналисттерге ал өзү тастыктады.

Маалыматка ылайык, кызматтан кетүү тууралуу арызды кечээ, 20-августта жазып, кол койгон. Анын айтымында, ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышууну пландап жатат. Ал Тоң районунун шайлоочулары менен иштешет.

30-июлда, ал вице-мэр болуп турганда, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондуна 35 миң сом которгон.

Мирлан Амантуров 2007-жылы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы, ал эми 2019-жылы шаардын вице-мэри болуп дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: