Menu

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглуну кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев кечээ, 23-августта, Бирикке Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык Бюронун директору Джихан Султаноглуну кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  өлкөнүн БУУнун системасы менен кызматташуу маселелери жана мындан аркы өз  ара аракеттенишүүнүн келечеги, анын ичинде  туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу Максаттары жана  “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасы менен үндөшкөн Кыргызстанды 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруунун контексинде  кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле  БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттерештин Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жардамчы Джихан Султаноглуга  ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, аталган форум  ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо ишине көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди.

Джихан Султаноглу  БУУнун Өнүктүрүү Программасы Форумду өткөрүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилеп, бул иш чараны өткөрүүнү экинчи ирет демилгелеп жаткан Кыргызстан ак илбирсти сактоо ишине сезилээрлик салым кошуу менен бирге  дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга да өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошону менен  бирге Алмазбек  Атамбаев Президент болгон жылдары Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, демократиянын чыңдалышында, таза шайлоолорду өткөрүүдө, адам укуктарын коргоодо, коррупцияга каршы күрөшүүдө жана  туруктуулукту сактоо ишинде жакшы жылыштар болуп  жаткандыгын белгилеп өттү.  “Сиз артыңызда жакшы мурас калтырып жатасыз”, – деди Джихан Султаноглу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: