Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул оорукана 1986-жылы курулгандан. Бул убакыттын аралыгында капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда медициналык жайдын 15 орундуу бир бөлүгү иштеп жатат. Учурда бөлүмдү 100 койко-орунга чейин кеңейтүү жана чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Учурда жумуштардын 80 пайызга жакыны бүттү.

Премьер-министр саламаттык сактоо мекемеси белгиленген мөөнөттө толук кандуу ишке берилиши керектигин белгиледи.

«Капиталдык ремонттон өтүп жаткан ооруканын реанимациялык жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрү тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылынышы керек. Оңдоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш» – деди Кубатбек Боронов.

Муну менен катар Өкмөт башчы эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: