Төрт саясий партия депутаттыкка талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна сунуш кылды.
Шайлоо фондунун эсептерин ачуу жөнүндө банктардан керектелүүчү документтер жана депутаттыкка талапкерлердин тизмесин төмөнкү саясий партиялар тапшырышты.
“Мекен Ынтымагы”.
“Актив”.
“Афганистандагы согуштун ардагерлер” партиясы
“Ата Мекен”.
Бүгүн, 24-августта, саат 18.00дө, документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктайт. Тизмелерди жана документтерди тапшырбагандар кийинки жарышка катыша алышпайт.
Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы, соттуулугунун жоктугу, кош жарандуулук жана башка мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесин текшерүү 10 күнгө созулат.
Шайлоо алдындагы жарышка катышуучулардын так тизмеси 3-сентябрдан кечиктирилбестен жарыяланышы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ