Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-августта болжол менен саат 01:00 чамасында, Жумгал районунун 1972-жылы туулган тургуну Т.С. Чырпыкты айылынын күн чыгыш тарабында жүк ташуучу “ХОВО” унаасын айдап бара жатканда Тамчы айылынын 1982-жылы туулган тургуну Н.К. “Хонда Степвагон” унаасы менен сүзгөн.
Натыйжада, “Хонда Степвагон” унаасынын айдоочусу ошол жерден жан берген. Ал унаада жалгыз болчу.
Жол милициясы тарабынан зарыл болгон жол-жоболор ошол жерде жүргүзүлдү. Аталган факт Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ